Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган кече өтүп жатат

Омор Султановго 90 жыл

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында бүгүн 6-ноябрда Кыргыз эл акыны Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган адабий-музыкалык иш-чара өтүп жатат.

Анда улуу акынды замандаштары жана каламдаштары эскерип, ырлары окулуп, бир катар композиторлор обон чыгарган ырлары жандуу аткарылууда.

Иш-чарада акындын 90 жылдыгына арналып чыккан "Жолум узак, эң узак" аттуу тандалмалар жыйнагынын бет ачары да болуп, окурмандардын колуна тийди.

Омор Султанов 1935-жылы Тосор айылында жарыкка келген. Анын чыгармачылыгы өткөн кылымдын 60-жылдары эл оозуна алынган. "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры", "Отузунчу станция" жана башка бир катар поэтикалык ыр жыйнактардын автору. Акын 2022-жылы 87 жашында дүйнөдөн кайткан.(ZKo)

Дагы караңыз

"Кара. Кызыл. Сары" тасмасына ЮНЕСКОнун сыйлыгы ыйгарылдыIV Элдик курултайга 700 делегат шайландыУКМК курулуш жана өрт коопсуздугун тескеген эки кызматкер пара менен кармалганын билдирди Молдова бийлиги Кишиневдогу "Орус үйү" жабыларын билдирди