Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

"Кара. Кызыл. Сары" тасмасына ЮНЕСКОнун сыйлыгы ыйгарылды


“Кара. Кызыл. Сары” тасмасы.
“Кара. Кызыл. Сары” тасмасы.

Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл. Сары" көркөм тасмасына ЮНЕСКОнун Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) "Маданий көп кырдуулук" сыйлыгы ыйгарылды. Бул жаңылык академиянын сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи 28-ноябрда Австралиянын Голд-Кост шаарында өтөт.

Тасманын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Фильмде килем токуучу Турдугүлдүн тагдыры баяндалат. Сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, ошондой эле миграция жана чек ара аймактарындагы жашоо көйгөйлөрү чагылдырылат.

APSA сыйлыгын 2007-жылы ЮНЕСКО, FIAPF (Продюсерлердин эл аралык ассоциациясы) жана Австралиянын өкмөтү түзгөн. Ал аймактагы жетимиштен ашуун өлкөнүн кинематография жаатындагы жетишкендиктерине арналган.

ЮНЕСКОнун "Маданий көп кырдуулук" сыйлыгы маданий салттарды сактоого, өнүктүрүүгө багытталган жана гуманитардык-социалдык темаларды чагылдырган тасмаларга ыйгарылат.

2022-жылы Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы киноакадемиянын калыстарынын баш байгесин алган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG