1993-жылдын күзүндө орус президенти Борис Ельциндин парламент депутаттары менен тирешүүсү өлкөнү жарандык согуш сызыгына чейин түртүп, көчөлөрдөгү кагылышуулар жүздөгөн адамдын өмүрүн кыйган.
Кризис-93: Москва 20 жыл мурда
1
Орусия президенти узак тирешүүлөрдөн кийин 1993-жылдын 21-сентябрда парламентти тараткан. Депутаттар парламент имаратынан кетүүдөн баш тартып, алардын тарапкерлери көчөлөрдө баррикада кура баштаган.
2
Парламент Ельциндин жардыгына импичпент жарыялоо менен жооп кылып, вице-президент Александр Руцкойду убактылуу президент катары ант бердирген.
3
3-октябрда милиция менен парламенттин миңдеген тарапкерлери кагылышкан.
6
3-октябрда парламент тарапкерлери Ак үйдөгү милиция тосмосун бузуп, Ельцин Москвага өзгөчө абал киргизген.
7
Парламент тарапкерлери мэрия имаратын ээлеп, Останкинодогу телеборборду алууга аракет жасаган.
8
"Останкиного" штурм.
9
3-октябрдага кагылышууларда ондогон адамдар каза тапты.
10
4-октябрда, эртең мененки саат сегиздер чамасында танктар Ак үйдүн жогорку кабаттарын аткылады.
11
Атайын даярдыктагы аскерлер Ак үйдөгү чабуулга даярданууда, 4-октябрдын таңы.
12
Түш ченде аскерлер Ак үйгө кирип, көчөлөрдө акырындап тартип орной баштады.
13
Мэриянын имараты.
14
Руслан Хасбулатов менен Александр Руцкойду Ак үйдөн алып чыгышууда. 4-октябрь, 1993.
16
1993-жылдагы окуялардан кийин Ак үй оңдолуп-түзөлүп, азыр ал жерде өкмөт отурат.