Президент Дональд Трамптын администрациясы 20-январда ишке киришкенден бери 80 миңге жакын иммиграциялык эмес визаны жокко чыгарды. Мамлекеттик департаменттин жогорку расмий өкүлүнүн айтымында, ал адамдар мас абалында же маңзат чегип алып машина айдоо, уурулук кылуу, кол салуу өңдүү түрдүү мыйзам бузууларга айыпталган.
Бул тууралуу адегенде Washington Examiner басылмасы жазган. Маалыматка караганда, мындай тенденция Трамптын бийликке кайтып келгенден бери мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүнүн масштабын чагылдырат. Анын жүрүшүндө көптөгөн киши депортацияланган, айрымдарынын колунда визалары бар болчу.
Вашингтон администрациясы ошондой эле виза берүүнү да катаалдатты.
Визасы жокко чыгарылган 16 миң киши мас абалында машина айдаган, 12 миңдейи кол салууга, 8 миңге чукулу уурулукка айыпталган.
Августта Мамлекеттик департаменттин жогорку өкүлү өлкөдө жүрүү мөөнөтү ашып кеткен жана мыйзам бузуулар үчүн 6 миң студенттик виза жокко чыгарылганын маалымдаган.
Майда мамлекеттик катчы Марко Рубио АКШнын тышкы саясатынын артыкчылыктарына каршы келген ишмердик үчүн жүздөгөн, балким миңдеген виза жокко чыгарылганын билдирген.
Рейтер агенттиги жазгандай, Трамптын администрациясындагы аткаминерлер палестиналыктарга колдоо билдирген жана Израилдин Газа тилкесиндеги согушун сындаган студенттик визалардын жана "жашыл карталардын" ээлери депортацияланышы мүмкүн деп эскертишкен. Андай аракет Вашингтондун тышкы саясатына коркунуч жаратары жана АКШда террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобун колдоо болуп эсептелери айтылган.
Шерине