Түштүк Африканын бийлиги Украинадагы согушка катышып жаткан 17 жараны жардам сураганын билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги ал өлкөнүн өкмөтүнө шилтеме менен жазды.
Билдирүүдө айтылгандай, майданда жүргөн 20-39 жаштагы түштүк африкалык 17 жаран Донбасстагы уруштун тузагында калганын айтып, аларды үйлөрүнө кайтарууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.
Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса ал адамдардын кандайча азгырылганын териштирүү тапшырмасын берди. Сыягы кеп жалданмачылык тууралуу жүрүүдө.
Маалыматта алар кимдин тарабында согушканы айтылган жок. Бирок августта өлкөнүн бийлиги социалдык тармактарда жайылган «Орусияда иш убада кылган жасалма сунуштарга» ишенбөөнү эскерткен. Анын алдында түштүк африкалык аялдарды алдап Алабугадагы дрон жасаган заводго жөнөтүшкөнү белгилүү болгон.
Түштүк Африканын бийлиги жарандар менен уюмдар чет өлкөлөргө аскердик жардам бербөөгө же өкмөттүн уруксаты жок чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга катышпоого тийиш деп эскертти.
Буга чейин бир нече өлкө алардын жарандарын Орусияда иштейсиңер деп алдап, Украинага каршы согушка салышканын билдирген.
Мисалы, былтыр азгырылган миңдеген непалдык тууралуу кабарланган. Азгырылгандардын арасында кубалык, индиялык жарандар бар. Bloomberg агенттиги Орусияга окууга барган чет элдик студенттерге ошондой сунуштар түшкөнүн кабарлаган. Маалыматка караганда, орус бийлиги Коргоо министрлиги менен келишимге кол койбосо визаларын узартпайбыз деп коркутчу.
Согушка жалдангандардын арасында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын да жарандары бар экени белгилүү.
Шерине