Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Ош: "Көмүр тартыш, баасы кымбат"


Ош шаарындагы көмүр саткан базалардын биринде.
Ош шаарындагы көмүр саткан базалардын биринде.

Кыргызстанда суук түшүшү менен көмүргө болгон талап өстү. Ош аймагында көмүрдүн тоннасы ушу тапта 8 миң сомдон 11 миң сомго чейинки баада сатылууда. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааны көзөмөлдөгөнгө аракет кылганы менен базарда бирдей баа жок. 

Көмүр казган компаниялар күйүүчү май кымбат болгондуктан казуу, жеткирүү кызматынын баасы да өсүп жатканын айтууда. Ушу тапта өлкөдө энергетикалык кризистен улам жарыкты үнөмдөө чакырыктары айтылып жатат.

Кыргызстанда быйылкы күздө алгачкы кардын жаашы менен көмүр базары кызыды. Бирок кардарлардын көбү быйыл баа кескин жогорулап кеткенине нааразы болуп жатат.

Ош шаарынын тургуну Барчын Матаипова өткөн жылы ушул мезгилде Кара-Кеченин көмүрүн бир тоннасын 7 миң сомдон сатып алганын, быйыл болсо 11 миң сомго чейин кымбаттап кеткенин айтып жатат:

“Өткөн жылы эртерээк алып, 7 миң сомдон эки тонна алган элем. Быйыл кечигип калдымбы, билбейм, бирок азыр баа 8 миңден 11 миң сомго чейин болуп жатат. Айла жок, алабыз да. Өткөн жылы Кара-Кеченин көмүрүн 7 миң сомдон алган болчумун.”

Кара-Суу районунун тургуну Аманбай Жусупбаев электр энергиясы маал-маалы менен өчүп, үйдү жылытууга эмес, чай кайнатканга мүмкүн болбой жатат дейт. Ошондуктан ал баасына карабай көмүр алууга аргасыз экенин айууда:

“Электр энергиясы маал-маалы менен өчүп жатат. Азыр жанагы акылдуу эсептегичтерди (счетчик) коюп коюшкан. Ага эки үйдө плита сайсаң көтөрө албай, өчүп калат экен. Мурункуга караганда электр энергиясы боюнча бир аз татаалдашты. Көмүр жагууга мажбур кылып койду. Жакпасаң жаш балдар, неберелер бар, алар үшүп калат. Биз болсо көнүп калганбыз.”

Ош аймагында Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорундагы кендерден казылган көмүр сатылат. Мындан сырткары Сүлүктү жана Кара-Кеченин көмүрүнө болгон суроо-талап жогору.

Алардын баасы дагы кыйла кымбат. Көмүр ташып саткандар күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу баа өсүп, карьерден ташыгандардын саны дагы азайганын айтып беришти.

“Карьерлерден келген көмүрдүн баасы кымбаттады. Күйүүчү май да кымбат болуп кетти. Мисалы, төрт-беш күн болду, Кара-Кечеден келген көмүрдү жеке тараптарга бербей токтотуп коюшкан. Алып келүү үчүн Бишкекке барып, документация иштери жүрүп жатыптыр. Алай тараптан болсо көмүр келбей калды, азыр элге жеткире албай жатабыз. Монополия мекемеси 8 миң сомдон баа коюп берген, бирок ташып келгендер ал баага бербей жатышат. Азыр көмүр тартыш”, - дейт жеке ишкер Алайбек Ураимов.

Ош облусуна жалпысынан 244 миң тонна көмүр керектелет. “Кыргызкөмүр” ишканасынын Түштүк филиалы бул көлөмдүн болгону 10 пайыздан ашыгын гана камсыздай алат.

Алардын карамагында көмүр казуу жана чалгындоо үчүн 15 лицензия бар, анын үчөө гана иштеп жатат.

“Быйыл үч ишканабызды ишке киргиздик. Андан 40 миң тоннанын тегерегинде көмүр алып жатабыз. Эгер он ишкананы толук ишке киргизип алган болсок, муктаждыктардын 100 пайызын өзүбүз камсыздамакпыз”, - деп билдирди “Кыргызкөмүр” ишканасынын Түштүк филиалынын директору Маил Алияскаров.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, облус аймагында казылган көмүрдүн тоннасын 7-8 миң сомдон саткыла деген баа койгон. Эгер бааны негизсиз көтөрүшсө, айыппул салынарын эскертишкен.

“Мыйзамга ылайык, юридикалык тараптарга 13 миң сом, жеке тараптарга 3 миң сом айыппул салынат. Баа көмүр саткан кампаларга бекитилген 7-8 миң сом дегенден ашпашы керек. Алдыда ким ушул бааны бузса, айыппул салынат”- деп кошумчалады монополияга каршы мекеменин Оштогу өкүлү Манас Мухаммед уулу.

Жылытуу сезонунда калк бир миллион тоннадан ашык көмүр керектейт деп айтылып жүрөт. Жыл сайын суук түшкөн мезгилде көмүр кымбаттайт. Акыркы эки-үч жылдан бери өкмөт бааны көзөмөлдөөгө аракет кылып, көмүр сатыла турган базаларды ачып келүүдө. Андан сырткары сыртка ташып сатууга дагы убактылуу чектөө киргизген. Бирок бааны жогорулатпай кармап туруу мүмкүн болбой келүүдө.

Ош. Көмүр кымбат жана тартыш.
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Кыргыз өкмөтү быйыл өлкөнүн башкы суу чөйчөгү - Токтогул суу сактагычында суу аз жыйналганын негиздеп, күз-кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болорун эскерткен. Калкты электр энергиясын болушунча сарамжал колдонууга чакырган.

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.

Ушул тапта өлкө аймагында жана борбор калаада жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат.

Буга чейин Энергетика министрлиги быйыл кыш оор болорун айтып, элди айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керектигин 23-октябрда Нарындагы иш сапары учурунда айткан.


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG