5-ноябрга караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар жаап, жолдогу унаа каттамын жайлатып, тыгын пайда болду. Төө-Ашууда жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалар жолду жаап калганы боюнча тасмалар интернетке тарады.
5-ноябрга караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар жаап, жолдогу унаа каттамын жайлатып, тыгын пайда болду. Төө-Ашуу ашуусунда жайкы дөңгөлөк менен жолго чыккан унаалар жолду жаап калганы боюнча тасмалар интернетке тарады.
Президенттин иш башкармалыгы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окутуу талабын киргизип жатат. Буга чейинки үч айлык окуу токтой турганы белгилүү болду. Демилгечилер муну менен жол кырсыктарын алдын алуу максаты коюлуп жатканын белгилөөдө.
Президенттин иш башкармалыгы айдоочулук күбөлүк үчүн 14 ай окутуу талабын коюуда. Үч айлык окуу токтой турганы айтылды. Негизги максат - курч көйгөйгө айланган жол кырсыктарын азайтуу экени белгиленди. Менчик авто мектептерди жоюп, окуу мөөнөтүн 14 ай кылып узартып коюу менен маселе чечилеби?
Кыргызстанда видео дрондорду каалагандай эле учура албайсыз. Учурда тийиштүү органдар жарандардагы учкучсуз аппараттарды көзөмөлдөй баштаганы айтылууда. Аба кодексине ылайык, эми дронду каттатып, атайын окуудан өтүп, сертификат алып колдонуу талап кылынат.
Президент Садыр Жапаров элге электр энергиясын колдонууда "чексиз тарифке" өтүү сунушун сындап, ал азыркы шартта жол берилгис деп эсептерин анын басма сөз катчысы билдирди. Буга чейин өлкөдө күнүнө эки ирет жарыктын кубатына чектөө киргизилип, өкмөттүн мындай демилгеси коомчулукта талкуу жараткан.
Күнүнө эки ирет бир нече саатка электр жарыгынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди. Эртең менен жана кечинде электрди колдонуу кескин көбөйгөндүктөн ушундай чара киргизилгени кабарланды. Кургакчылыктан жана керектөөнүн өскөнүнөн улам Токтогул суу сактагычында быйыл дагы жетиштүү суу топтолгон жок.
Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилиши карым-катнаштын жанданышына алып келди.
“Сергек жашоо” подкастында аялдын саламаттыгы, жыныстык оорулар, генофонд тууралуу сүйлөшөбүз.
Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөтүп, арыз тапшыруунун мөөнөтү соңуна чыкты. 30-октябрда түшкү саат 1лер чамасында алардын саны 560ка жеткен. Боршайком кыска мөөнөттүн ичинде жүздөгөн арызды кароого жетишеби?
Блогер Арсен Базарбаев дээрлик үч айдан бери Кыргызстанды жөө кыдырып жүрөт. Эңилчектен сапарга аттанган блогер Баткендин Зардалысына чейин жөө жетти. Ал ушундай жол менен мекенинин кызыктуу жерлерин көрсөтүп, башкаларга тааныштырууну көздөйт.
Бишкек шаарынын жаңы башкы планынын долбоору жарыяланды. Алдын ала маалымдалгандай, шаардын айланасында темир жол магистралын төшөп, ичинде тыгынды жоюу үчүн трамвай жүргүзүү каралууда. Планда шаарды жашылдандыруу үчүн 1,5 миң гектар жер каралары жазылган.
Дагы жүктөңүз