Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Кыргызстандан Сирияга гуманитардык жардам жеткирилди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстандан Сирияга азык-түлүктөн турган 150 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жеткирилди. Жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жөнөтүлгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады. Маалыматка караганда, ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы жана башкалардан турган жүк Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Түркиянын көмөгү менен жеткирилди.

Өз кезегинде Сирия өкмөтү өлкө президенти Ахмед Хуссейн аш-Шараа жана сириялыктардын атынан Кыргызстанга ыраазычылык билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы көйгөйлүү маселелер, аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад былтыр жыл аягында козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон. 14 жылга созулган согуштан кийин Сириянын далай аймактары талкаланып бүлүнгөн бойдон кала берүүдө.

Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун (АКШ, Орусия жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган) лидери Ахмед аль-Шараа ушул жылдын башында убактылуу президент болуп дайындалган. Ал бардык сириялыктардын, этностук азчылыктардын, аялдардын укук-кызыкчылыктары эске алынган шартта өткөөл өкмөт түзгөн. (КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG