Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05

АКШ: Өкмөттүк каржылоонун токтошу өлкө тарыхындагы эң узак шатдаун болуп калды


АКШда федералдык өкмөттү каржылоо токтогону же шатдаун шейшембинин кечинде эң узакка созулганы үчүн рекорд койду. Конгресстеги демократтар менен республикачылар бюджет боюнча мунасага келе албай, 1-октябрдан тарта өкмөттүк мекемелер каржыланбай калган. Демократтар кирешеси аз америкалыктарга медициналык камсыздоону сатып алууга мамлекеттен субсидия бөлбөө жобосуна каршы чыгууда.

Натыйжада 1,4 миллиондой федералдык кызматкер айлык албай иштеп же төлөнбөгөн өргүүгө кетүүгө аргасыз болду.

Арасында министрликтерде иштегендер, авиадиспетчерлер бар. Алардын катарына декабрда аскерлер да кошулушу мүмкүн.

Андан тышкары бир катар социалдык программаларды, мисалы азык-түлүк таратуу ишин каржылоо кыскарды.

Шатдаун АКШнын экономикасына залакасын тийгизип, ички дүң өнүмүнүн 1-2 пайыздык жоготуусуна алып келиши ыктымал. Мындай статистиканы Конгресстин бюджет башкармалыгы келтирет.

Бул көрүнүш өз кезегинде импортко болгон уруксат документтеринин берилбей калышына алып келип, бажыдагы иштер жайлап, өндүрүш чынжыры үзгүлтүккө учурап, Кошмо Штаттардын соода өнөктөштөрүнө да терс таасир тийгизет.

Убактылуу бюджет кабыл алуу үчүн кеминде 60 сенатор добуш бериши керек. Республикачылар 53 добушка гана ээ.

Буга чейинки шатдаун Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтү учурунда, 2019-жылы болгон. Ошондо өкмөттү каржылоо 34 күн 21 саатка токтоп калган.


Шерине

XS
SM
MD
LG