Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03
Абадан коргонуу. Архив сүрөт.
Абадан коргонуу. Архив сүрөт.

Орусиянын эки аймагы дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:26 29.10.2025

Орусияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым Телеграм каналдар 29-октябрга караган түнү мунай ишканалары украин дрондорунун соккусуна кабылганын маалымдап жатышат. Бутага Москва аймагы, Марий-Эл республикасында, Ульяновск облусунда мунайды кайра иштетүүчү заводдор жана Ставропол крайында химиялык ишкана алынганы кабарланууда.

Украиналык Exilenova+ Телеграм каналы Буденновск шаарында "Ставролен" химиялык заводу, Марий-Элде мунай иштетүүчү завод (бул аймак Украинадан 1000 чакырым алыс жайгашкан) өрттөнүп жаткан видеолорду жарыялады.

Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских учкучсуз учактардын чабуулу болгонун тастыктады. Ставропол крайынын губернатору Владимир Владимиров дрон менен сокку уруу аракети болгонун, эч ким жабыркабаганын билдирди.

Москванын мэри Сергей Собянин шаршембиге караган түнү шардын чет жакасында украиндердин жети дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Росавиация мекемесинин буйругу менен Москвадагы Домодедово, Жуковский жана Шереметьево аэропортторунун, ошондой эле Калуга, Волгоград, Саратов, Самара, Пенза, Ульяновск шаарларынын аба майдандарынын ишинде убактылуу чектөө болду.

20:05 28.10.2025

Орусиялык дрондор Украинанын жайкын тургундарына сокку уруп, адам өлүмүнө, жарааттарга, эбегейсиз кыйроолорго алып келүүдө. Мындай тыянакка Украинадагы окуяларды иликтеген комиссия келди. Алардын отчету дүйшөмбүдө БУУнун Башкы ассамблеясынын социалдык, гуманитардык жана маданий маселелер боюнча комитетине сунуш кылынды.

Ырааттуу жана координацияланган соккулар карапайым кишилерди, турак жайларды, гуманитардык жардам таратылган пункттарды, согуш шартында эл аралык гуманитардык укукка ылайык өзгөчө абалдагы тез жардам, өрт өчүрүүчүлөр бригадаларын бутага алат, - деп айтылат докладда.

Авторлор Орусиянын аскердик аракеттерин адамзатка каршы эки кылмышка теңесе болорун белгилешет. Биринчи кылмыш – калкты “өлтүрүү жана күчтөп көчүрүү”, экинчиси – орус аскерлери оккупациялаган жерлерден “карапайым элди депортациялоо жана көчүрүү”. Депортация маалында айрымдары кыйноого туш болгон.

Баяндама 500 видеонун анализине жана украиналык 226 киши менен маектешүүгө негизделген. 247 видеонун тартылган жери текшерилип чыккан.

Комиссия Орусиянын украин дрондору оккупацияланган аймактарда жарандык жайларга сокку урган деген арызын карады. Бирок ал жерлерге кирүү мүмкүн болбогондуктан, орус бийлигинен жооп ала албаганы үчүн жана күбөлөрдүн коопсуздугун ойлоп жыйынтык чыгара алган жок.

00:29 28.10.2025

Орусиялык аскерлер Покровск шаарына киргени кабарланды, Украина шаарды аскерлер коргоп жатканын билдирүүдө.

Орусиянын чакан жөө аскер бөлүктөрү Покровскиге кирип, шаар ичинде жана анын айланасында катуу салгылашуу башталды. Украинанын Башкы штабынын маалыматына караганда, украин аскерлери коргонуу линияларын кармап турушат жана орусиялык күчтөр жоготууларга дуушар болууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-октябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда Орусия Покровскиде жана ага жакын жайгашкан Мирноград аймагында көп сандагы аскер күчтөрүн топтогонун билдирди.

"Дал ошол Покровскинин жанында орусиялыктар негизги согуштук күчтөрүн топтоду", - деди Зеленский. "Албетте, бул Покровскиде жана анын айланасында кырдаалды кыйындатып, шаарда жана анын чет жакасында катуу салгылашуулар жүрүп жатат. Шаарда душмандын чалгындоо жана диверсиялык топтору жүрөт".

Зеленский украин күчтөрү негизги коргонуу линияларын кармап турушканын баса белгиледи.


18:09 27.10.2025

АКШ президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путиндин өзөктүк дүрмөт ташыган алыска учуучу ракета сыноодон өткөнү тууралуу билдирүүсүн сындады. Кремл өз коопсуздугун камсыздоону максат кылганын айтууда. Ал арада Орусиянын аскерлери украин аймагын аткылап атат. Жекшембиде Киевде соккулардын бири үч кишинин өмүрүн кыйган.

Трамп Путиндин алыска учуучу жаңы канаттуу ракета тууралуу билдирүүсүн орунсуз деп атады. CNN телеканалы маалымдагандай, америкалык лидер орус президенти ракеталарды сыноо менен алектенбей, андан көрө Украинадагы согушту аяктоонун үстүнөн иштөөгө тийиш деп комментарийледи. Трамп ошондой эле АКШнын Орусияга жакын жерде суу астында сүзүүчү атомдук кемелери бар деп кошумчалады.

Жекшембиде Путин атомдук дүрмөт ташыган "Буревестник" канаттуу ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөрүлгөнүн билдирген.

Маалыматка караганда, Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов баштаган жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөргөндө сөз болгон курал кандай сыналганына кызыккан.

"Сыноо 21-октябрда жүргөн. Буга чейинкилерден айырмаланып, бир нече саат тынбай 14 миң километрди учуп өттү. Мындан да ашып өтсө болот. Ооба, ядролук дүрмөт ташыйт. "Буревестниктин" тактикалык-техникалык өзгөчөлүгү аны каалаган аралыктагы жакшы корголгон бутага каршы колдонууга мүмкүнчүлүк берет", - деп жооп берди Герасимов.

"Буревестник" тууралуу Путин биринчи жолу 2018-жылы айтып чыккан. 2019-жылы августта Архангельск облусундагы Ненокса ракеталык полигонунда жарылуу болуп, Орусиянын Росатом менен Коргоо министрлигинин жети кызматкери каза тапкан. Жарылуу радиациянын деңгээлинин көтөрүлүшү менен коштолгон.

Буга чейин ракета Жаңы Жердеги полигондо сыналганы айтылган. Nuclear Threat Initiative аналитикалык борбору америкалык чалгын кызматына таянуу менен 2017-2019-жылдары "Буревестник" 13 жолу сыноодон өтүп, экөө гана "жарым-жартылай" ийгиликтүү ишке ашканын айткан.

2023-жылы октябрда Путин жаңы ракетаны сыноо ийгиликтүү өткөнүн жар салган. Көз карандысыз булактар "Буревестникке" тиешелүү бул маалыматты ырастаган эмес.

27-октябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков соңку сыноо Москва менен Вашингтондун алакаларына көлөкө түшүрбөй турганын, "Орусия өзүнүн коопсуздугун камсыздоону ойлоп", жаңы курал-жарактын үстүнөн иштеп жатканын айтты.

Азияга аттанып жатып кабарчылардын суроолоруна жооп берген Трамп Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалдыгы туралуу так жооп берүүдөн баш тартты.

Өткөн аптада АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын "Роснефть" жана "Лукойл" компанияларына санкция салган. Ал компаниялардын экспорттук кирешеси Кремлдин согушту каржылоосунда маанилүү роль ойнойт.

Москва бул кадам эки тараптуу мамилелерге залака тийгизет деп сындаган.

Трамптын Орусияны тилге келтирип, согушту басуу аркеттеринен майнап чыкпай жатат. Орус аскерлери кошуна өлкөсүнүн тынч жаткан шаарларын, энергетикалык инфраструктураны аткылап келатат.

Дүйшөмбүдө Украинанын абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде орус армиясы 100 пилотсуз учак менен аткылаганын, 66сы жок кылынганын же зыянсыздандырылганын билдирди.

26-октябрда Киевге коюлган чабуулдан үч киши каза болуп, 30дан ашыгы, арасында алты бала жабыркады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдун кесепеттери тартылган видео жарыялап, акыркы аптада Орусия Украинага ар кандай түрдөгү курал менен миңдеген сокку урганын айтты:

“Орусия Украинага каршы 1200гө жакын согуштук дрон, 50дөн көп түрдүү ракета, басымдуусу баллистикалык ракеталарды колдонгон. Мындай коркунучтан биргелешкен аракет көрүп гана коргонуу мүмкүн. Бир да өлкө ушундай коркунуч жаралганда жалгыз калбашы керек”.

Ал тапта Москванын мэри Сергей Собянин түн ичинде Домодедово жана Жуковский аэропорттору ишин убактылуу токтотконун, башкалаа көздөй учуп бараткан 34 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Бардыгы болуп, орус Коргоо министрлиги маалымдагандай, Украина 193 дрон менен сокку урду, Брянскиде автобустун айдоочусу каза тапты, беш жүргүнчү жараланды.

Согуш шартында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG