Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34
Абадан коргонуу. Архив сүрөт.
Абадан коргонуу. Архив сүрөт.

Орусиянын эки аймагы дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:43 26.10.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Москва Украинадагы согушту токтотууга көнбөсө, Путинге жолугуу "убакытты текке кетирүүгө" барабар экенин айтты.

Трамп 25-октябрда Малайзияга бараткан жолдо Катарга токтоду. Өзүнүн Air Force One президенттик учагында бул өлкөнүн эмири жана премьер-министри менен жолукту.

18:42 26.10.2025

26-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Киевге сокку уруп, шаардагы Десянский аймагында учкучсуз учактын сыныктары тогуз кабаттуу турак үйгө тийип, экинчи кабатта өрт чыккан. Анын кесепетинен үч киши каза болгонун калаа мэри Виталий Кличко билдирди.

Десянскиде дрон жарылуусунан көп кабаттуу үйдүн айнеги күбүлгөн. Дагы бир учкучсуз учактын сыныктары 16 кабаттуу үйгө кулаган.

Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматында, Орусия Украинага 101 дрон учуруп , анын 90у атып түшүрүлгөн. Бешөө төрт объектиге тийген.

Украинанын президенти Зеленский соккудан кийинки видеону Телеграм-каналына жүктөп, "Орусиянын ар бир соккусу - жай турмушка болушунча зыян келтирүү" деп жазды.

Зеленский кошумчалагандай, Орусия соңку аптада Украинага ар кандай курал-жарак менен миңден ашуун сокку урган. Анын ичинде 1200ү дрон, 1360ү кол менен башкарылган авиациялык бомба, 50дөн ашууну түрдүү ракеталар менен жасалган.

16:02 25.10.2025

Орусиянын армиясы 25-октябрга караган түнү Украинаны “Искандар-М” үлгүсүндөгү тогуз баллистикалык ракета жана 60тан ашык дрон менен аткылады.

Өлкөнүн Абадан коргоо күчтөрү төрт ракета жана 50дөй учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Украин бийлиги ракеталар кайсы аймакка түшкөнү тууралуу маалымат берген жок.

Киев шаарында ишембиге караган түнү катуу жарылуулар болду. Шаар мэри Виталий Кличко борбор калаа баллистикалык ракеталар менен аткыланганын кабарлаган.

Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко соңку чабуулда эки адам мерт болуп, дагы ондой киши жараат алганын билдирди. Полициянын ырасташынча, анда көп кабаттуу үйлөр, бир бала бакча жана машиналар жабыркады жана соккудан улам тутанган өрттү өчүрүү уланууда.

16:01 25.10.2025

Орусиянын армиясы ишембиге караган түнү Украинанын борбору Киев шаарын ракета менен аткылады. Шаардын мэри Виталий Кличко телеграм-каналына кеминде сегиз адам жараат алганын, алардын үчөө ооруканага жеткирилгенин жазды. Кличко кандай объекттерге сокку урулганын тактаган жок. Анын алдында Орусия шаарды баллистикалык ракеталар менен аткылаганын кабарлаган.

Ал арада Орусиянын борбору Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 25-октябрга караган түнү жети учкучсыз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Өзүнүн телеграм-каналына дрондордун сыныгы кулаган аймактарда чукул кырдаалдар кызматтарынын адистери иштеп жатканын жазды. Собянин чабуулдун кесепети, кандай имараттар бутага алынганын маалымдаган жок. Анын алдында Орусиянын Волгоград, Ленинград, Иванов, Воронеж жана Пенза облустары дагы дрон чабуулуна кабылганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG