Беларуста миңдеген киши дагы акцияга чыкты
Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү. Эскерүүнү түз алып берип жаткан «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду. Алар алгач Тарайковский менен коштошуу зыйнатын өткөрүп жаткан анын жакындары жана туугандары чогулган зал турган көчө жакка келишти. Андан кийин аянтка барышты, маркумдун сөөгүн Минскинин батыш көрүстөнүнө алып кетишти. Акцияга милиция аралашкан жок.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 30, 2025Шайлоо-2025: Талапкерликке 500дөн ашуун жаран талпынды
-
Октябрь 27, 2025"Мен каршымын". Өлүм жазасына коомдун көз карашы
-
Октябрь 18, 2025Түндүк Корея Украинага каршы согушкан аскерлерин кантип даңазалайт?
-
Октябрь 16, 2025“Социал-демократтардын” иши: Өзгөрүүсүз калган өкүм
-
Октябрь 14, 2025Газа тилкесинин эртеңи эмне болот?