Улуттук наркты колдогон акция өттү
Бишкекте улуттук дөөлөттөрдү бекем сактоого үндөгөн “Белгилүү маршрут” деген акциянын алкагында «Чечинбе, уят», «Эрден чыксаң да элден чыкпа» жана «Улут укуктан бийик турат» деген ураандар тагылган автобус шаарды аралап, үгүт-насаат иштерин жүргүздү. Уюштуруучулар жакында музейдеги окуяны улуттук ар-намыска урулган сокку катары кабыл алып, аны идеологиялык диверсия катары айыпташты.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 05, 2025Кар жаады, жол тайгак, "чексиз тариф"
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?
-
Октябрь 29, 2025Ит ээрчитип, Кыргызстанды жөө кыдырган Арсен
-
Октябрь 27, 202525 жылдан кийин Бишкек кандай болот?
-
Октябрь 20, 2025"Күн алыс жарык өчүүдө". Өкмөт кыш кыйын болорун эскерткен
-
Октябрь 12, 2025"Тарыхты бирөөлөрдөн уруксат сурабай жазышыбыз керек"