Ушу тапта Аксыда оппозиция уюштурган митинг өттү. Милициянын маалыматына караганда, 300дөй адам чогулуп турат, ал эми уюштуруучулар өзүлөрү 1-2 миң адам келгенин айтууда.
Аксыда оппозиция митинги өттү
1
"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Аскар Ташматов чек ара маселесин тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин айта баштаганда алып баруучу анын колундагы микрофонду тартып алды.
2
Натыйжада "Ташматов сөзүн улантсын" дегендер менен ага каршылардын ортосунда тирешүү чыгып кете жаздады.
3
4
Алып баруучу микрофонду Камчыбек Ташиевге бергени менен элдин ызы-чуусу токтогончо ал бир аз күтүп, сөзүн андан кийин гана баштады.
5
Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланыштуу бүгүн Аксынын активи менен премьер-министр Темир Сариев барып жолугуп, маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин айтып, элди сабырдуулукка чакырды жана митинг, акциялар көйгөйдү чечүүгө жардам бербесин баса белгиледи.
6
7
8
9
10
11