Күйөөсүнүн огунан өлгөн Айзирек Эралиеванын иши Ош облустук сотунда каралууда. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүнү эл чечерин айтты. 34 жаштагы Зохран Мамдани Нью-Йорктун мэри болуп шайланды. Саясатчы бул кызматты ээлеген алгачкы мусулман болуп калды.
Кыргызстанда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын директору Алмазбек Исманкулов коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.
АКШнын Согушту изилдөө институту орус армиясы Покровск шаарын тезирек алууга аракеттенип жатат деп эсептейт. Ушул тапта тапта орус аскерлери ал жердин 60% көзөмөлдөп жатканы айтылууда. Кыргыз бийлиги айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окутууну сунуштап, жеке менчик автомектептерди жойгону жатат.
БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча өкүлү жана Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын башчысы кызматын тапшырып келген экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” эксклюзивдүү маек курду. Отунбаева Ооганстандагы кырдаал, аялдардын абалы жана коопсуздук тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда видео дрондорду каалагандай эле учура албайсыз. Учурда тийиштүү органдар жарандардагы учкучсуз аппараттарды көзөмөлдөй баштаганы айтылууда. Аба кодексине ылайык, эми дронду каттатып, атайын окуудан өтүп, сертификат алып колдонуу талап кылынат.
Кыргызстанда “Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал ачылып, аудиторияга жергиликтүү медиа катары сунушталууда. Ага Орусияга таандык медиада иштеп кеткен бир катар кызматкерлер өтүп, башка маалымат каражаттарынан да журналисттер тартылды.
Кыргызстанда жаңы түптөлгөн “Берекет Банк” юридикалык каттоодон 20-октябрь күнү өттү. Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка караганда, банктын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу Нурдөөлөт Нургожоев менен Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Марат Султанов көрсөтүлгөн.
Ооганстанда зилзалада 20 киши каза таап, жүздөгөн адам жабыркады. Зилзаланын күчү Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Пакистанда да сезилди. Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө кирди. Бишкектеги Сейтек STEM мектебинде тамакка уулангандардын саны 84 кишиге жетти.
6-ноябрда Вашингтондо өтө турган "АКШ - Борбор Азия" C5+1 саммити чөлкөмдөгү геосаясий жана экономикалык алакаларды талкуулоого багытталган.
30-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарында өткөн Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешинин жыйынында келечекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көзөмөлү деле болбойт деген ниетин билдирди.
Кыргызстанда соңку бир суткада эле жол кырсыгынан жети киши каза болду. Дональд Трамп өзөктүк сыноолорду жандандыруу буйругун бергенин билдирген соң, Орусия бул жааттагы мораторий бузулса тиешелүү чара көрөрүн эскертти.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктаганын билдирди. Анда 589 адам арыз тапшырганын, алардын 224ү аялдар экенин кабарлады. Боршайком ушул тапта каттоону улантып, айрымдарын шайлоого катышуудан четтетип жатат.
Дагы жүктөңүз