Бишкекте “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” 25 жылдыгына арналган жыйын Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өттү. Ага демократиялык кыймылдын негиздөөчүлөрү, мүчөлөрү жана интеллигенция өкүлдөрү катышты.
Демократиянын алгачкы карлыгачы
1
Мындан туура жыйырма жыл мурда, 25-26-майда Кыргыз ССРинде “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” биринчи уюштуруу жыйыны өткөн.
2
3
Аталган кыймыл СССР таркап кетердин алдында Кыргызстанда коммунисттик режимге ачык атаандашкан саясий күч болуп чыгып, өлкөдөгү демократиялык жараянды тездетүүдө орчундуу роль ойногон.
4
КДК ошол жылдары өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда коммунисттик бийликке ачык атаандашкан реалдуу күчкө айланып, 1990-жылы Масалиев башында турган коммунисттик бийликтин кулашына салым кошкон.
5
6
Кыргызстандын легендарлуу парламентинде 114 деп аталган радикал депутаттар тобу КДК менен тыгыз байланышта болуп, идеялык-программалык жактан үндөш, тилектеш болушкан.
7
8
Акыры демократтык күчтөрдүн кысымы астында 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин сессиясында А. Масалиев президенттик жарышта жыдып, Аскар Акаев президент болуп шайланган.
9
10
11
12