Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу иш Ош облустук сотунда карала баштады. Экинчи инстанциядагы соттук кароого маркумдун жакындары жана мамлекеттик айыптоочунун райондук соттун чечимине макул эместиги себеп болгон.
34 жаштагы демократ Зохран Мамдани Нью-Йорктун мэри болуп шайланды. Саясатчы бул кызматты ээлеген алгачкы мусулман, 100 жылдан берки эң жаш жетекчи болуп калмакчы. Ал социалдык программаларга басым жасап, элдин жашоо сапатын жакшыртууга, иммигранттардын таламын талашууга убада берип келди.
5-ноябрга караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар жаап, жолдогу унаа каттамын жайлатып, тыгын пайда болду. Төө-Ашуу ашуусунда жайкы дөңгөлөк менен жолго чыккан унаалар жолду жаап калганы боюнча тасмалар интернетке тарады.
Кыргызстанда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын директору Алмазбек Исманкулов коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.
Кыргызстанда видео дрондорду каалагандай эле учура албайсыз. Учурда тийиштүү органдар жарандардагы учкучсуз аппараттарды көзөмөлдөй баштаганы айтылууда. Аба кодексине ылайык, эми дронду каттатып, атайын окуудан өтүп, сертификат алып колдонуу талап кылынат.
Президент Садыр Жапаров элге электр энергиясын колдонууда "чексиз тарифке" өтүү сунушун сындап, ал азыркы шартта жол берилгис деп эсептерин анын басма сөз катчысы билдирди. Буга чейин өлкөдө күнүнө эки ирет жарыктын кубатына чектөө киргизилип, өкмөттүн мындай демилгеси коомчулукта талкуу жараткан.
Чүйдөгү айылдардын биринде күйөөсүнүн колунан ажал тапканы айтылган 49 жаштагы Нурайымдын сөөгү кичи мекени Токтогулда жерге берилди. Аялын атып өлтүрүүгө шек саналган 63 жаштагы жаран камакка алынганы тууралуу ИИМ маалымат тараткан.
Кыргызстанда жаңы түптөлгөн “Берекет Банк” юридикалык каттоодон 20-октябрь күнү өттү. Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка караганда, банктын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу Нурдөөлөт Нургожоев менен Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Марат Султанов көрсөтүлгөн.
Ооганстанда 3-ноябрдагы жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза тапты, жүздөгөнү жабыркады. Магнитудасы 6,3кө жеткен зилзаланын очогу өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарынын жанында жайгашкан. Августтун этегинде өлкө чыгышында 6 магнитудасындагы жер титирөө 2 миңден көп кишинин өмүрүн алып кеткен.
Жаңы окуу жылы башталганына эки ай өтсө дагы Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанууда. Мектепке кире албай калган мигранттардын балдары үчүн быйыл Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби ачылган, анда 900гө жакын бала билим алууда.
“Сергек жашоо” подкастында аялдын саламаттыгы, жыныстык оорулар, генофонд тууралуу сүйлөшөбүз.
Дагы жүктөңүз