"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Кыргызстандын жаңы тышкы иштер министринин алдында кандай милдеттер бар? Саясат талдоочу Чынара Эсенгул "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.
Санкт-Петербургдагы метродо 2017-жылдын 3-апрелиндеги жардырууну ким, эмне максатта уюштурганы беймаалым бойдон калып келет. Кылмышка шектелип кармалган кыргызстандыктар күнөөнү моюнуна алган жок. Алар муну куру доомат деп жатышат.
"Коопсуз шаар" долбоорунун тегерегиндеги талаш жаатында экономист, эл аралык ишкерлер кеңешинин мурдагы төрагасы Темирбек Ажыкулов ой бөлүштү.
Испанияда белгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье көз жумду.
5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленди.
Жарандык активист Рита Карасартова парламенттеги акыйкатчы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.
Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму кыргыз бийлигин жарандардын эркин маалымат алуу укугун чектебей, тыюу салынган материалдарды сактаганы үчүн гана эркинен ажыратылгандардын ишин кайра карап, аларды бошотууга үндөдү.
Кыргыз шоу-бизнесиндеги көрүнүктүү ырчылар Ош шаарындагы обончу Бахром Азимовго таандык ырларды аткарып жүрүшөт. Өзбек тектүү обончу жараткан кыргызча чыгармалардын көбү жаштар арасында популярдуу. Тубаса музыкант коңшу Казакстан, Өзбекстандын ырчылары менен да иштешип турат.
Токтогулдук 35 жаштагы жалгыз бой эне балдарын Бишкектеги мектепке киргизүүнү өтүнүп "Азаттык" аркылуу бийликке кайрылды.
Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун БУУнун экс-баш катчысы, маркум Кофи Аннан тууралуу ой бөлүштү.
Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган жараянга нааразы болууда.
Милиция "окуяга криминалдык кийлигишүү болгон" деген версияны четке кагууда.
Муратбек Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүү тууралуу Астана Бишкекке өтүнүч жибергени тууралуу маалымат ырастала элек.
Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан улам каза болду.
Адистер кыргыз аткаминерлери социалдык тармактарды колдонууда дүйнөлүк тенденциядан артта калып жатканын белгилешет.
8-августта шайлоодо добуш берген 44 эл өкүлүнүн 43ү "макул", бирөө "каршы" болду.
Ош-Анталия багытында баратып техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон учактын окуясы иликтенүүдө.
“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев 31-июлда №47 абактан Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулду.
Өмүрбек Текебаев учурда Улуттук кардиология борборунда дарыланып жатат.
Быйыл кыргыз бийлиги чет элдик эки миңдей адамга жарандык берди.
Дагы жүктөңүз