"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Сахалиндик кыргыздардын универсалдуу борбору. Шарты оор Чүйдөгү "Тез жардамы". Жабык чек арада кыйналган нарындык балчылар. Ички туризмге багыт алган баткендик элеттиктер.
Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык кызыды. Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактады. Шайлоо, партиялар жана алардын талапкерлери тууралуу карапайым элдин ою кандай? «Азаттыктын» кабарчылары аймактардын тургундарына микрофон сунушту.
19-августта «Реформа» саясий партиясы шайлоо алдындагы жыйынын ачык асман алдында өткөрдү. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин аныктап, программасын жарыялады.
2010-жылкы апрель окуясында окко учкан эр-азаматтардын түбөлүк элесин жараткан кыл калемчи.
Чүй райондук «Тез жардам» кызматында 17 киши эмгектенет. Карамагында үч унаа болгону менен адистердин жетишпегенине байланыштуу бир эле бригада кызматта.
Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Кайсы жанрдагы китептер чыгат? Элдин талабы, учурдагы окурмандын табити бул каражатты сарптоодо эске алынабы?
Саясий жарыштын алдында саясий бийлик, партиялар жана шайлоочулар кайсы жагдайларга көңүл бурушу керек?
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылынын сегиз тургуну күйдүргү (сибирь жарасы) жуккан деп ооруканага түшүп, алардын биринен илдет аныкталды. Айыл 18-августка чейин карантинге алынып, мал-жандыктар көзөмөлдөнүп, союуга тыюу салынды.
Бейтаптардын өмүрүн сактап, күндүр-түндүр бел чечпей эмгектенип жаткан дарыгерлердин таржымалы. Илдет курчуган кезде бир күндө 40тан ашуун бейтапты тейлеген көлдүк ардаргер фельдшер. Орусиядагы ишин таштап мекенине келип элеттик эмканада иштеп жаткан микрохирург.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдында саясатчы Бектур Асанов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, кландык, коррупциялык топторго каршы турууга чакырды.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо белгиленген мөөнөттө өтөрүн айтты. Ал шайлоону жылдырууну сунуштаган партияларды куру популизмге алдырды деп с
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда ыктыярчылардын өтө чоң армиясы пайда болду. Алардын басымдуусу – студенттер.
Чүйдүн дунгандар отурукташкан Милянфан айылында ыктыярчы топтор түзүлүп, күндүзгү стационарлар ачыла баштады.
Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын студенти пневмониядан каза болду.
Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов 1961-жылы Аксы районунун Сары-Кашка айылында туулган. Ал сүрөттөрүн кыргыз элинин нарк-насил, санжырасын, тарыхын терең философиялык көз караш менен тарткан.
Куршаб ооруканасынын жетекчисинин орун басары Тургунбай Кадыров буга чейин "Куршаб айылындагы ооруканасына жардам керек» деп кайрылган кесиптешинин айткандары «чындыкка жатпайт» деп видеокайрылуу жарыялады.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыян жүрүп, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолунун бир тилкесин жууп кетти. Ошондой эле Кажы-Сай жана Тоң айылдарынын ортосунда да кыян жүргөн, ал жерде тазалоо иштери жүрүп жатат.
Быйылкы майрамды ак халатчандар өзгөчө абалда белгилеп жатышат. Пандемия шартында дарыгерлер үч ай бою бел чечпей иштешти. 1000ге жакын дарыгер вируска чалдыгып, жети кызматкер иш үстүндө курман болду.
Азыр кырдаал курчуп, COVID-19 менен ооругандардын, атургай вирусту жеңе албай көз жумгандардын дагы саны өсүүдө. Андыктан коомчулукта бул кризистен чыгуунун жолун издеп, түрдүү демилгелер да көтөрүлүп жатат. Алардын ичинде жаштар абалды жеңилдетүү үчүн кандай жолдорду сунуштады? Жаштар кандай жарда
Социалдык тармактарда ооруканалар коронавирус илдетине чалдыккандарга толуп, элди жаткырууга орун калбай калганы айтылууда. Ошол эле кезде анализинен коронавирус табылбай, бирок өпкөсүнөн кагынып, оор абалга туш болгон бейтаптар да күндөн күнгө көбөйүп жатат.
Дагы жүктөңүз