"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Оштогу заводдо кран башкарган айымдар. Саясатты сатирага салган Москвадагы мекендешибиз Самат. Жаш муундар акын Элмирбек Иманалиевди эскеришти. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.
Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 5-апрелде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылды. Анын жана аны уурдаган адамдын сөөгүн биринчи тапкан чабан окуя тууралуу эмне деди? Үч жыл мурда каза тапкан Бурулайдын жүрөк титиреткен окуясы эмнеге сабак болбой жатат?
11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланат. Мындан тышкары референдум да өтөт. "Азаттыктын" кабарчысы шаардык кеңешке шайлоонун жүрүшү жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча Бишкек шаарынын тургундарынын пикирин укту.
Азыркы тапта өлкөдө расмий маалымат боюнча чет жактан көчүп келген 55 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандан, Тажикстандан. “Азаттык” бул жолу Чүйдүн Виноградное айылында жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушу, маданият-салты жана көйгөйлөрү менен таанышты.
“Супара” этнографиялык комплексинин курамында жаңы ачылган интерактивдүү музей чыгаан ишкер жана философ Табылды Эгембердиевдин мурастарынын бири болуп калды. Маркумдун жубайы, комплекстин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева “Азаттыкка" сыябан маек куруп берди.
Баткендиктер ашар ыкмасы менен 7 чакырым жол салышып, аз каражатка деле көп иш бүтүрсө болоорун далилдешти. Сүйлөбөгөн балдарга тил бүтүргөн Гүлнур элетте сейрек болгон сурдопедагог, логопед кызматтарын көрсөтүп келет. Белдемчини даңазалаган көлдүк уз Асел улуттук кийимдерди даңазалады.
Врач-кардиолог, саламаттык сактоонун отличниги Күмүшбек Алтыкеев 2020-жылдын 16-июлунда өпкөсүнөн кагынып, өзү иштеген Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө кайтыш болгон. Ал иш үстүндө коронавирусту жуктуруп каза болгон Кыргызстандагы 104 медицина кызматкеринин бири.
Деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашууда Кыргызстандагы №9 жол тейлөө мекемеси жайгашкан. Андагы жумушчулардын көбү кышкысын жол кооптуу кезде апталап үй бетин көрбөй иштешет. Бул кан жолдо сөөк какшаткан суукка карабай жол азабын тарткандар көп.
“Данистеде” бул жолу эки каарман кыздын баянын сунуштайбыз. Суусамыр айылында Кыргызстандагы аялдардын ичинен биринчи болуп космоско учууну самаган 10 жаштагы Айдатка Кадыржанова жашайт. Футболчу Айдана Оторбаева болсо “Баатыр” (FIFPRO Hero) деген эл аралык сыйлыкка татыды.
Дүйнөлүк кесипкөй футболчулар ассоциациясы (FIFPRO) кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага “Баатыр” (FIFPRO Hero) деген атайын сыйлык ыйгарды. 25 жаштагы Айдана Оторбаева - Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөсү.
Тогуз жаштагы Аяна эрендердин эр оюну - көкбөрү ойноо үчүн өзүн азыртадан даярданып келет. Анын кыялы - Кыргызстандын тарыхында алгачкы “улакчы кыз” болуу.
Суусамыр айылында Кыргызстандагы аялдардын ичинен биринчи болуп космоско учууну самаган 10 жаштагы Айдатка Кадыржанова жашайт. Эки жыл мурда анын социалдык тармакка илген каты ээсине жетип, кыргызстандык космонавт Салижан Шариповго жолуккан.
Жогорку Кеңеш 3-мартта Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ парламентте депутаттарды кызыл чеке талашка түшүрүп, аны колдогондор менен каршы чыккандар өз жүйөлөрүн айтышты.
Чукул арада өзгөргөн доор 35 жыл мурда эң келечектүү, жумушчулар кайнаган, борбордук бийликтин көңүл чордонунда турган Кара-Көлдү жаштар үчүн келечеги жок, жери тар, жүргүнчүлөрдүн аз гана тыйынына тиричилигин жүргүзгөн шаарга айландырып салды.
“Азаттыктын” “Данисте” берүүсүндө Кара-Көл шаарынын жашоосу тууралуу тасманын биринчи бөлүгүн сунуш кылабыз.
Араванда жазгы талаа иштери башталды. Пандемияда кичи бизнес баштаган элеттиктер. Аргымактын жаңы породасын чыгарган фермер. Чыгаан акын Зайырбек Ажыматовдун өмүр-таржымалы сахнада. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде XVI – XX кылымдардагы Батыш Европа көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн алкагында 82 чыгармадан турган жыйнак коюлган. Алардын көпчүлүк бөлүгү 1947-жылы Мамлекеттик эрмитаждын коллекциясынан келип түшкөн.
Убагында күүлдөгөн Таш-Көмүр эли азыр көмүрдүн күлүн чукуп оокат кылууда. Машина курууга шыгы бар кочкорлук Талант Ташматов майыптар үчүн автоунаа кураштыргысы келет. Кара-Кужурда топоз баккан бүлөнүн турмушу, тилек-максаты.
Кыргызстандык кинорежиссер Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" аттуу даректуү тасмасы Түркиянын Анкара шаарында өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды. Анда Жумгалдын Кең-Суу айылындагы өз үйүн мектепке айланткан мугалим тууралуу баяндалат.
Дүйшөн Жуманазаров кыз-келиндер күрөшү боюнча бир нече эл аралык мелдештердин байге ээлери Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу. Мээримдин атасы.
Дагы жүктөңүз