Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 5-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, эки күн мурда айткан сөздөрүнө түшүндүрмө берди жана унааларды каттоодогу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформалар жөнүндө маалымат берди.
Туманбаев 3-ноябрда Президенттин иш башкармалыгынын жыйынында 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер жабыларын, жалаң мамлекеттик автомектептер каларын айткан. Ал мамлекеттик автомектептерде окуу 14 ай жүрөрүн тактаган.
5-ноябрдагы сөзүндө ал мунун баары реформанын алкагында ишке ашарын айтты.
“Акыркы учурларда аябай көп кырсык катталып жатат. Менчик автомектептерде окуганда анын окуган документин акча менен сатып алып, эч кандай билим албай, эки саат практикадан өтүп, анан айдоочулук күбөлүктү алып алгандар көп болуп жатат. Ошондуктан жол кырсыктары көбөйүүдө. Мүмкүн жаман көрүшүңүздөр мүмкүн, бирок бир-эки жылдан кийин баары калыбына келет. Жеке менчик автомектептерде ажиотаж болуп, "жабылгыча окуп алалы" деп шашып жатышат экен деген маалымат чыкты. Ал жерде шашкалактап окуганыңар менен баары бир “Унаа” мамлекеттик ишканасына келип экзамен тапшырасыңар, андан өтпөй калышыңар мүмкүн. Мисалы, ар кайсы кесиптерди деле 4-5 жыл университетте окуп алабыз, айдоочулук да ошондой эле болушу керек. Мындан ары шалаакылыкка жана коррупциялык схемага жол бербейбиз”, – деди Каныбек Туманбаев.
Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов андан кийин сөз алып, Кыргызстан жол кырсыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алдыга чыкканын айтты.
Ал өлкөдө 2024-жылы 7 миң 423 жол кырсыгы катталып, 514 адам каза болгонун, 636 адам жаракат алганын билдирди. Салимжанов ошондой эле 2025-жылдын тогуз айдында 9 миң 78 жол кырсыгы катталганын, 636 адам көз жумганын, миңге жакын адам жаракат алганын тактады.
Бообек Салимжанов пландалып жаткан реформалар ушул кырсыктарды алдын алууга багытталганын кеп кылды:
“Биз окуу системасын башынан баштап толук өзгөртөлү деген чечимге келдик. Себеби азыр күбөлүк алган адам болгону 2,5 ай окуйт экен, анда 10-12 гана сабак болот экен. Окуп жаткан адам машинеге отуруп, алдыга-артка айдаганды гана үйрөнөт экен. Болду. Биз болсо башкача программа киргизели деп жатабыз. Негизгиси машине жөнүндө жалпы түшүк алсын деп жатабыз. Алдыңкы дөңгөлөгү тарткан машине кандай, арткысы тартканы кандай, кыймылдаткычтар, аркы-беркилер жөнүндө окушат. Кээде ал тургай жөн эле дөңгөлөгү жарылып калса эмне кылышты билбеген айдоочулар бар экен. Биз эмне үчүн окуу мөөнөтүн 1 жыл 2 айга же 1 жыл 4 айга узарталы деп жатабыз? Себеби бул аралыкта окугандар автоунаа жөнүндө, айдоо жөнүндө, жол эрежелери жөнүндө бардык маалыматтарды алып чыгат”.
Маалымат жыйында Кыргызстанда учурда жалпы 345 автомектепте лицензия бар экени айтылды. Интернеттен келген суроолордун ичинде алардын тагдыры эмне болору суралды.
“Жеке менчик автомектептер буга чейин кандай иштеп келген болсо, мурдагыдай эле иштей берет, болгону мамлекетке өткөрүлөт. Ал жерде иштеген кызматкерлер ишсиз калбайт”, – деп жооп берди президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Туманбаев айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө да өз сөзүнө түшүндүрмө берип, мурда берилген мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр 2026-жылы 1-январдан баштап алмаштырыла турганын, жаңылаган жарандар документти экзаменсиз жана акысыз ала турганын тактады. 10 жылдык мөөнөт менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү бүткөн соң алмаштырууга болот. (ErN)