Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) жана бир катар башка уюмдар Газага көбүрөөк гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылып жатат. БУУнун агенттигинин басма сөз өкүлү Абиир Этефанын айтымында, кыш жакындаганы палестиналыктар тамактын, чатырлардын тартыштыгынан жапа чегүүдө.
Этефа агенттик тилкенин муктаждыктарынын жарымын гана канааттандырганын, көбүрөөк өткөөлдөрдү ачуу зарылдыгын белгиледи.
БУУнун өкүлү кошумчалагандай, программанын кызматкерлери маектешкен жергиликтүү тургундар эт, жумуртка, жашылча-жемиш жебегенин, курсагын жалаң нан, башка кургак азыктар менен тойгузганын айтып беришкен.
Өткөн айда жетишилген жарашуу Газага азык-түлүк жеткирүүгө өбөлгө түзөрү күтүлгөн. Августта ал жерди ачарчылык тооруганын глобалдык мониторинг тобу расмий жарыялаган.
Израил ок атышпоо келишиминин шартын аткарып жатканын айтууда. Документте 600дөй оор машина күнүнө тилкеге азык-түлүк жеткирип турары каралган. Израилдин өкмөтү ХАМАС (АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган) радикал тобу азык-түлүктү уурдап жатканын айтса, согушкерлер муну четке кагууда.
Газанын жергиликтүү администрациясы машиналардын көбү изралдик аскерлердин чектөөлөрүнөн улам жер-жерлерге жете албаганын, күнүнө 145 машина гана гуманитардык жүк ташып турганын маалымдады.