Казакстанда бензиндин баасын көтөргөндөргө чара көрүлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын кармоо жана газ жетишсиздигинин алдын алуу үчүн жарандар менен атайын күн-түнү иштеген түз байланыш ачты. Анда жарандар бензинди кымбат сатып жаткан май куюучу бекеттер тууралуу маалымат бере алышат.

Энергетика министрлиги күйүүчү майдын кымбаттап кетүүсүнө жол бербөө жана ишкерлер отунга "жасалма таңкыстык" жаратпашы үчүн Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги менен чогуу ар бир жарандын кайрылуусун карап чыгарын, маалымат такталса чара көрүлөрүн маалымдады.

Министрлик учурда күйүүчү май таңкыстыгы жоктугун белгилөөдө. Ал эми автогаздын айрым аймактарда жетишсиз болуп жатканы убактылуу маселе деп айтылып, газ көп керектелген облустарга кошумча көлөмдө көгүлтүр отун жиберилери кабарланды.

Казакстан өкмөтү 16-октябрдан тартып Аи-92 жана дизелдик күйүүчү майдын баасын көтөрүүгө убактылуу тыюу салган.

Дагы караңыз

Бишкекте окуучулар тамакка ууланып, ооруканага түштүВенесуэла Москва, Бээжин жана Тегерандан аскердик жардам сураганы кабарландыЖапаров милиция маянасы 2-4 эсе өскөнүн айтып, аларды "жогорку жоопкерчиликте" иштөөгө чакырдыOCCRP: Интерпол Ринат Тухватшинди кармоо тууралуу өтүнүчтү четке кактыКыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди"Хочу жить" орус тарапта согушуп каза тапкан 143 кыргызcтандыктын тизмесин жарыялады