Кыргызстандагы дары-дармектин 50% аткезчилик жол менен келери айтылды

Манас Токтомуратов, Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов Кыргызстандагы дары-дармектин дээрлик 50% аткезчилик жол менен келе турганын 24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Бул тууралуу ал көз каранды эмес аналитикалык борборлордун маалыматына таянып айтты.

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор талкууланып жаткан учурда депутат Мирлан Самыйкожо "Өлкөдө дары мафиясы же ушул багыттагы коррупция канчага кыскарды?" деген суроо узаткан.

"Болжолдуу анализге салыштырсак, мамлекеттик системадагы факторлор быйыл 50% кыскарды, жеке сектордо өзгөрүү анчалык көп эмес. Жеке секторду текшерүү иштерин жүргүзүүгө мыйзамда көп бөгөт коюлган. Биз анын үстүнөн иштеп жатабыз. Көз каранды эмес аналитикалык борборлордун маалыматына караганда, Кыргызстанда айланган дары-дармектин 50% аткезчилик жолу менен келет", - деди Токтомуратов.

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдараак берген маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикадагы мафияга мамлекеттик кызматта иштегендер дагы аралашып кеткенин айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров БУУдагы сөзүндө Кыргызстанга салынган санкцияларды ички ишке кийлигишүү деп бааладыБишкек АКШны биргелешкен демилгелерден күтөбү?"Өзүмчүл геосаясатты коюп, согуштарды токтотолу". Садыр Жапаров БУУда кайрылуу жасадыПарламент БШК мүчөлүгүнө Касмамбетов менен Мамбетаиповду дайындоону колдоду