15-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда Айылдык аялдардын эл аралык
күнүнө арналган тынчтык акциясы өттү. (Санжар Эралиевдин фотобаяны)
Аялдар жөө жүрүшкө чыкты
1
Бул күндүн урматына беш жүздөй аял райондук бийликтин имаратынан маданият үйүнө чейин жөө жүрүш жасады.
2
Ортодогу аралык - бир чакырымдай жол.
3
Акция учурунда айымдар “Колхозчу аялдын маршы” аттуу ырды аткарышты.
4
Kyrgyzstan - Kara-Suu. Procession of rural women, on the International Day of Rural Women, 15Oct2012
5
6
Акцияга улам эркектер да кошулуп, элет аялдарын колдогон мырзалардын саны он чакты болду.
7
Иш-чараны “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фонду уюштурду.
8
Акциянын максаты - коом үчүн маанилүү чечимдерди чыгарууда аялдарды да активдүү
болууга үйрөтүү, алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого
аялдардын көбүрөөк катышуусуна үндөө жана коомдук-саясый туруктуулукка
чакыруу.
болууга үйрөтүү, алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого
аялдардын көбүрөөк катышуусуна үндөө жана коомдук-саясый туруктуулукка
чакыруу.
9
10
Элет аялдарын коомдогу жана жашоодогу орду, эмгеги канчалык баалуу
экенин белгилөө максатында ар жылдын 15-октябрында Айылдык аялдардын
эл аралык күнүн белгилөө тууралуу чечим 1995-жылы БУУнун Бээжинде өткөн аялдар конференциясында кабыл алынган.
экенин белгилөө максатында ар жылдын 15-октябрында Айылдык аялдардын
эл аралык күнүн белгилөө тууралуу чечим 1995-жылы БУУнун Бээжинде өткөн аялдар конференциясында кабыл алынган.