11-январда Баткендин чек арадагы Ак-Сай айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетип, 5 кыргыз, 3 тажик чек арачысы жана 1 кыргыз милиционери жаракат алды. Кыргыз тарап тажик чек арачылары америкалык өндүрүштөн чыгарылган минометту колдонуу менен эл аралык нормаларды бузганын айтууда. (Сүрөттөрдү "Азаттыкка" Баткен облустук телерадиокомпаниясынын жетекчиси Мамажан Бердишев сунуштады.)
Ак-Сайдагы атышуудан кийин
1
Баткен облусунун жетекчиси Жеңиш Разаков чек арадагы чатактан кийин Ак-Сай айылынын эли менен жолугушууда. 12-январь.
2
Баткен облусунун жетекчиси Жеңиш Разаков чек арадагы чатактан кийин Ак-Сай айылынын эли менен жолугушууда. 12-январь.
3
Атыш болгон суу бөлүштүрүүчү жайдын бир канча жерин ок тешип кеткен жабдыгы.
4
Суу бөлүштүрүүчү жайдагы электр трансформатору да окко кабылган.
5
Суу бөлүштүрүүчү жайдын кеңсесинин дубалына да бир канча ок тийген.
6
Тажик чек арачылары аткан миномёттун калдыгы.
7
Тажик чек арачылары аткан миномёттун калдыгы.
8
Ак-Сайдын эч нерседен капарсыз ойноп жүргөн балдары, арыда эл топтолуп турат. 12-январь, 2014.
9
Бейкапар балалык.
10
Ак-Сай - Көк-Таш жолун куруп жаткандар.
11
Ак-Сай - Көк-Таш жолун куруп жаткандар.