Лондондо башталган XXX Олимпия оюндарында өлкө намысын 14 спортчу мелдештин 10 түрү боюнча коргошот. Улуттук курама команданын мүчөлөрү кимдер? Фотобаянды "Азаттыктын" кабарчысы Алмас Ысман түзгөн.
Кыргызстандын олимпиадачылары
1
Данияр Көбөнов - Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны. Грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын чемпиону (2010), бир катар эл аралык таймаштардын жеңүүчүсү.
2
Бекзат Осмоналиев - оор атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Лондондо Олимпия оюндарынын ачылыш аземинде кыргыз желегин көтөрүп чыгат.
3
Дарья Таланова - Кыргызстандын улуттук командасынын эң жаш мүчөсү, суучул. 16 жаштагы Дарья Бишкекте студент.
4
Дмитрий Александров - сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону.
5
Юлия Андреева-Архипова - жөө күлүк. Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
6
Эржан Аскаров - жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү
7
Чингиз Мамедов - дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медал уткан. Эл аралык таймаштардын көп жолку жеңүүчүсү.
8
Илья Игнатьев - жел кайык айдоо боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Кыргызстан спорттун бул түрү боюнча алгач ирет Олимпиадага катышууда.
9
Магомед Мусаев - эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында биринчи орунду алган. Эл аралык мелдештердин көп жолку жеңүүчүсү.
10
Руслан Исмаилов - ок атуу боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Борбор Азия оюндарында 2 алтын медал уткан (2003).
11
Арсен Эралиев - грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын көп жолку чемпиону.
12
Руслан Абдраим - таэквондо боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. 2004-жылы Кореяда өткөн ачык чемпионатта күмүш медалга ээ болгон.
13
Айсулуу Тыныбекова - аялдардын эркин күрөшү боюнча Кыргызстандан Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышууда.
14
Юрий Краковецкий - дзюдо боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону.
15
Президент Атамбаев мамлекеттик тууну Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Данияр Көбөновго тапшырууда. 16 июль, 2012-жыл
16
Кыргызстандын улуттук командасы президент Атамбаев менен жолугушууда. 16-июль, 2012-жыл