22-апрель - дүйнөлүк пролетарияттын жол башчысы жана Совет мамлекетин түптөгөн Владимир Лениндин туулган күнү. Совет доорунда бул күн өзгөчө шаң менен белгиленип, Лениндин эстеликтерине гүл коюлчу. Ал эстеликтер Кыргызстандын булуң-бурчунда азыр да турат. Болгону ага мурдагыдай көңүл бурулбайт.
Ленин жана Кыргызстан
1
Бишкек. Кыргызстандын ордо калаасындагы борбордук аянтка Лениндин жаңы эстелиги 1984-жылы тургузулган.
2
2003-жылы Бишкектеги Лениндин эстелиги борбордук аянттан эски аянтка которулган.
3
Бишкектеги бул эстеликтин салмагы 17 тонна.
4
Нарын. Лениндин эстелиги облустук бийликтин имаратынын жанына 1972-жылы тургузулган.
5
Нарын. 2008-жылы эстеликти педагогикалык окуу жайдын алдына жылдырышкан.
6
Баткен. Бул эстелик 1980-жылы а кездеги райондук бийлик имаратынын капталына (азыркы облустук) курулган.
7
Баткен. Эстелик азыр да ошол орунда.
8
Талас. Лениндин эстелигин 2000-жылдары борбордук аянттан шаардык маданият үйүнүн алдына которушкан. (Архивдик фото)
9
Талас. 2007-жылы эстеликти шаардык стадионго которуп, андан кийин ал "дайынсыз жок болуп" кеткен.
10
Каракол. Борбордук аянтка бул эстелик СССР кыйраардын астында, 1991-жылы тургузулган.
11
Каракол. 6-7 метр бийиктиктеги бул эстелик азыр да шаардын чок ортосунда турат.
12
Жалал-Абад. Лениндин эстелиги Токтогул көчөсүндө турат.
13
Жалал-Абаддагы бул эстелик 1943-жылы тургузулган.
14
Ош. Шаардын борбордук аянтындагы эстелик 1975-жылы ушул жаңы айкелге алмаштырылган.
15
Ош. Эстеликтин бийиктиги 25 метр.