Жалал-Абадда Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылында психиатриялык ооруканага байланыштуу ушул тушта бир катар кылмыш иштер тергелип жатат.
Капсалаңдуу Кызыл-Жар
1
Кызыл-Жар соңку күндөрү чуулгандуу окуяларга байланыштуу коомчулуктун оозунан түшө элек.
2
Өткөн айда Балыкчыда эки милиция кызматкерин аткандардын бири Заур Магомедов 2012-жылдан тарта Кызыл-Жарда ушул оорукананын 2чи, тактап айтканда, мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткан. Магомедов ооруканда ээн-эркин эле келип-кетип жүргөнү, былтыр жыл этегинде да кылмыш кылганы аныкталды.
3
17-февралда милициянын атайын багыттагы кызматкерлери мажбурлап дарылоо бөлүмүн тинткен. Атайын операция маалында бейтаптар күч кызматкерлерине кол көтөрүп, жаңжал асманга ок атылгандан кийин токтогон. Маңзат табылганы айтылган.
4
Күч органдары бул бөлүмдө кылмыштуу топ уюшуп алган, "общак" топтоп, "положенец" дайындап, өз тартибин орноткон деп билдирүүдө. Дарыгерлер деле муну жокко чыгарбайт.
5
325 орундуу оорукана 8 бөлүмдөн турат.
6
Ооруканада иштегендердин дээрлик 80 пайызы аялдар. Алардын теңинен көбүн пенсия жашындагылар түзөт. Кылмыш кылган, анан калса психикалык дартка чалдыккан дегендерди кайтаруу милдети да ушул аялдарга жүктөлгөн.
7
8
Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканын башкы дарыгери - Гүлнура Миңбаева.
9
Союздун тушунда ооруканада алдуу-күчтүү эркектер иштегенин айтып беришти. Азыр бейтаптар арасында качып кеткендер болот, аларды медициналык кызматкерлер өздөрү издеп таап келишет экен.
10
Оорукананын 8-бөлүмү. Бул жерде стационардык шартта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.
11
Оорукананын ушул бөлүмү гана кайтарууда турат.
12
Соттук-медициналык экспертиза Кыргызстан боюнча Кызыл-Жарда гана жүргүзүлөт. Бул жерге өлкөнүн ар аймагынан келгендер жатат.
13
14
2004-жылы Магомедов адам өлтүрүү, карактоо кылмыштары боюнча айыпталып эл аралык издөө жарыяланган. Казакстанда 2009-жылы кармалып, Кыргызстанга 2012-жылы алынып келген.
15
16
17
Ооруканада психикалык дарттан жабыркаган адамдар үчүн төрт бөлүм бар.
18
Жергиликтүү эл психиатриялык ооруканада кылмышкерлердин дарыланышына каршы. Башка жакка көчүрүп кетүү демилгеси байма-бай көтөрүлөт. Анткени буга чейин да тополоң чыгып, ооруканадан качкандар жай тургундарга кол көтөрүп, коркутуп-үркүткөн учурлар болгон.
19
Дарыгерлерге "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
20
Жалал-Абад облустук прокуратура мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткандарды кайра экспертизадан өткөрүүнү сунуштап жатат.