Жалал-Абад шаарынын авто бекет тарабына кире бериште, Ленин көчөсүнүн жээгинде өсүп турган, ар жазда кыпкызыл болуп гүлдөгөн дарактар шаардын көркүнө көрк кошуп, адамдын көңүлүн өзүнө бурат.
Жашыл шаарым Жалал-Абад
Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Нурмамат Сапарбаев "Азаттыкка" сүрөт жөнөттү. Жалал-Абад шаарынын жазды тосуп алган көрүнүшү төмөнкү сүрөт баянда.
1
Хеномелес же жапон бий алмасы (жапон айвасы) жана анын гүлү.
2
Шаардагы форзиция бадалы.
3
Канаданын тамылжыган кызыл дарагы (Баграянник канадский. лат. Cercis canadensis) жана анын гүлдөшү.
4
Сакуранын гүлү.
5
Магнолия.
6
Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү Канаданын тамылжыган кызыл дарагы (Баграянник канадский. лат. Cercis canadensis) жана анын гүлдөшү.
7
Хеномелес же жапон бий алмасынын (жапон айвасы) гүлү.
8
Биолог, эколог, токойчу Закирходжа Сарымсаков сары гүлдүү форзиция бадалынын жанында..
9
Жалал-Абад шаарындагы кыркылган дарактар.