7-ноябрда Октябрь революциясына 100 жыл толду. Кыргызстанда мындан ары 7-ноябрь – Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү өзүнчө дата катары каралбайт. Президенттин жарлыгына ылайык, 7-8-ноябрь быйылтан тарта Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип жатат.
Бабалардын элесине таазим
Президенттин жарлыгына ылайык, 7-8-ноябрь быйылтан тарта Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип жатат.
1
Октябрь революциясынын 100 жылдыгына жана Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу бүгүн Кыргызстанда бир катар иш-чаралар уюштурулду.
2
Президент Алмазбек Атамбаев, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана Апрель ыңкылабынын баатырлары эстелигине барып куран окуду.
3
Мындан тышкары өлкө жетекчилери Ата Мекендик согушта, Үркүндө, саясий репрессияда курман болгондордун жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.
4
5
6
7
8
9
10
11
Андан соң мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Кыргызстан жана Орусия элдер достугу монументинин жанындагы гүлбактын ачылыш салтанатына катышты.
12