Кыргызстан быйыл эгемендиктин отузунчу жылын тосуп жатат. Саамалыкты утурлай борбордук Ала-Тоо аянтында аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү. Салтанатка президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон адамдар, чет элдик коноктор катышты.
Эгемендиктин 30-жылы: аянттагы аскердик парад
1
Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган аскер парады Бишкектеги Ала-Тоо аянтында саат 10:00дө башталды.
2
1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.
3
4
Параддагы аскерлер.
5
6
Эл алдында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы оор экономикалык абал, пандемиянын кесепеттери тууралуу айтып, өзү бийликке келгенде бюджет бош болгонун айтты.
7
Ак элечек кийген апалар.
8
9
10
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. 30 жылда алты президент алмашты, алардын үчөөнүн бийлиги ыңкылап менен алмашкан.
11
Ала-Тоо аянтында параддан өтүп бара жаткан атайын техникалар.
12
13
14
Параддан өтүп жаткан маданият кызматкерлери.
15
16
17
Ош шаарындагы эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чара.
18
19
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов элди эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.
20
Ош шаарында бир нече боз үйлөр тигилип, улуттук тамак-аштын көргөзмөсү өттү.