Караколдогу "Ата-Кенч" кафесинин имаратында күндүзгү стационар ачылганы турат. 40 орунга ылайыкташкан стационар күндө он эки саат иштейт. Бейтаптардын саламаттыгына үч дарыгер, беш медайым кам көрөт.
Каракол: Кафе күндүзгү стационарга айланды
1
2
3
Стационарга керектүү эмеректер, коргонуучу каражаттар менен камсыздоо милдети мэрияга жүктөлгөн. Стационар 14-июлдан баштап иштей баштайт.
4
Сүрөттөрдү "Азаттыкка" жарандык активист Алена Хоменко жиберди.
5
6
7
13-июлга карата Ысык-Көл облусунда 15 адамдан коронавирус илдети табылды.
8
Облустук штабдын маалыматына караганда, анын ичинен Ак-Суу районунун үч тургунунун абалы оор болууда. Ысык-Көл облусу боюнча вирус жуккандардын саны - 337.