Кол салуудан тогуз киши мерт кетти. Жарадарлар саны такталууда.
Мюнхен: "Олимпиядагы" атышуу
22-июлда Германиянын Мюнхен шаарындагы “Олимпия” соода борборунда атышуу болду. Мюнхен шаардык полициясы кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча 21:30да болгонун билдирди.
1
Атышуу болгон аймакты полиция курчоого алып, соода борборунан адамдар чыгарылып кетти. Полиция жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн чыкпай сактанып турууга чакырды.
2
Мюнхендин полиция башчысы Томас Бауманн DPA агенттигине айтканы боюнча, атышуу “Олимпия” соода борборунун ичиндеги тез тамактануучу жайда жергиликтүү убакыт менен саат кечки алтыларда башталган.
3
4
Мюнхендин Шаардык транспорт башкармалыгы бир нече автобус, поезд жана трамвай каттамдарын токтотконун билдирди.
5
6
7
8
9
10