Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:20

Хельсинки комитети: С5+1 саммити адам укуктарын көз жаздымда калтырбашы керек


Норвегиянын Хельсинки комитети АКШ жана Борбор Азия лидерлеринин Вашингтондогу саммитинин алдында тараптар кездешүүдө бири-бирин адам укуктарын урматоого чакырууга тийиш деп билдирди.

Комитет бул бийик деңгээлдеги жолугушуу экономикалык алака-катышты өнүктүрүү, регионалдык коопсуздукту бекемдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзгөнүн, бирок жетекчилер аймактагы адам укуктарынын абалы начарлаганын көз жаздымда калтырбоого тийиш деп белгиледи.

“Ошол эле маалда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери АКШнын демократиядан чегинүүсүн токтотууга жана адам укуктарынын абалын жакшыртууга үндөш керек”, - деп айтылат комитеттин билдирүсүндө.

Андан ары "Чек арасыз кабарчылар" жана басма сөздүн эркиндигине көз салган башка уюмдардын жылдык индексинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн, АКШнын көрсөткүчү акыркы жылдарда төмөндөгөнү белгиленет.

6-ноябрда Вашингтондо С5+1 форматындагы саммит өткөнү жатат. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылган.

Мындан тышкары америкалык президент Дональд Трамп Казакстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү кабарланды.

2023-жылы Нью-Йоркто АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити уюштурулган.


Шерине

XS
SM
MD
LG