Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:48

Калың кардан улам Төө-Ашуу жана Ала-Белде тыгын жаралды


Ала-Белдеги (солдогусу), Суусамырдагы (ортоңкусу) жана Төө-Ашуудагы (оңдогусу) тыгындар. Видеолордон алынган скриншоттор.
Ала-Белдеги (солдогусу), Суусамырдагы (ортоңкусу) жана Төө-Ашуудагы (оңдогусу) тыгындар. Видеолордон алынган скриншоттор.

4-ноябрда күндүз жана түнкүсүн жааган калың кардан улам Бишкек-Ош жолундагы өйдөлүштөрдөн автоунаалар чыга албай, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында тыгын жаралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жолдо жүргөн айдоочулар кабарлады.

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордон эки ашуунун чыга бериштеринде маал-маалы менен жүздөгөн автоунаа тизилип, жүрө албай калганын көрүүгө болот. Суусамырдын жолунда да толтура машинелер тыгында турат. Бишкек-Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда да кез-кезде транспорттор тыгылып калууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 4-ноябрдын таңынан тартып Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизген.

Мекеме кар жааган жерлерде жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдирүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-5-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн эскерткен. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Тоолуу райондорунда кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG