Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:59

Алматыда "Кайрат" "Реалга" 0:5 эсебинде утулду


“Кайрат” жана “Реалдын” күйөрмандары
“Кайрат” жана “Реалдын” күйөрмандары

Чемпиондор Лигасынын негизги этабынын алкагында Алматыдагы “Борбордук” стадионунда испаниялык “Реал Мадрид” футбол клубу казакстандык “Кайрат” командасын 5-0 эсебинде утуп алды.

Оюндун биринчи бөлүмүндө Киллиан Мбаппе бир гол киргизсе, экинчи таймда Мбаппе дагы эки гол, Эдуардо Камавинга бир гол, Браим Диаз бир гол киргизди. Казак футболчуларынын Европанын эң титулу көп клубу менен алгачкы оюну чоң айырма менен аяктады.

Казакстандын “Кайрат” футбол клубу 26-августта шотландиялык “Селтик” клубун утуп, тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Европадагы негизги турнир - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыккан.

Казакстанда ушуну менен экинчи футбол клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыкты. Мындан туура 10 жыл мурун “Астана” да тайпалык баскычына жеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG