Фотограф Болот Исабеков жана сүрөтчү Анатолий Цыбух "Кажы-Сай" аттуу тасма тартышкан. Анда Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кажы-Сай айылынын айланасында уран кениндеги шахталар баяндалат. Ал “Палимпсест” эмгегин “Кажы-Сай” деген тасмасынан алган. Ал эми сүрөтчү Анатолий Цыбух маңкурт боюнча графикалык изилдөөлөрүн сунуш кылган. Көргөзмө 11-ноябрга чейин уланат.
“Маңкурттун түшү жана арманы” сүрөттөрдө
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде фотограф Болот Исабеков жана сүрөтчү Анатолий Цыбухтун “Маңкурттун түшү/Маңкурттун арманы” аттуу графика жана фотосүрөттөр көргөзмөсү көрсөтүлүп жатат.
1
Фотограф Болот Исабеков.
2
Фотограф Болот Исабековдун "Кажы-Сай.Палимпсест" сериясынан. Санарип сүрөт, 2020-жыл.
3
Фотограф Болот Исабековдун "Кажы-Сай.Палимпсест" сериясынан. Санарип сүрөт, 2020-жыл.
4
Болот Исабековдун "Кажы-Сай" тасмасынан тартылган "Палимпсест" сериясындагы “Шахта №5” эмгеги.
5
Фотограф Болот Исабеков менен сүрөтчү Анатолий Цыбухтун “Маңкурттун түшү”, “Маңкурттун арманы” аттуу сүрөт-көргөзмөлөрү.
6
Болот Исабековдун "Маңкурттун түшү" аттуу көргөзмөсүн көргөндөр.
7
Сүрөтчү Анатолий Цыбух.
8
Анатолий Цыбухтун “Жылдыздарга карай” аттуу эмгеги. Линогравюра, репринт.
9
Көргөзмөгө келгендер.
10
Цыбухтун "Маңкурттун арманы" аттуу сүрөт-көргөзмөсү.
11
Сүрөтчү Анатолий Цыбухтун “Жентельмен” аттуу эмгеги.
12
"Маңкурттун арманы" эмгеги.
13
“Биз жаныбарларбыз” аттуу эмгек да Цыбухка таандык.
14
15
“Күйүп жаткан жираф”. Автору - Анатолий Цыбух.
16
Анатолий Цыбухтун сүрөттөрү.