Нооруз майрамына карата бүгүн Бишкектеги “Супара” этнокомплексинде "Сүмөлөк-2017" фестивалы уюштурулду.
"Супарадагы" майрамдык маанай
1
2
Иш-чараны өткөрүп жаткан "Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмесинин теңтөрайымы Элнура Кулуева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, майрамдык иш-чара үчүн 41 кой союлуп, 41 казанга сүмөлөк кайнатылууда:
- Сүмөлөк фестивалында казандар кайнап, токочтор бышып, баталар тиленди. Кырк уруудан өкүлдөр келди. Андан тышкары Тажикстандан, Өзбекстандан этникалык кыргыздар, Казакстандан коноктор келишти.
3
Маалыматка караганда, төрт миң литр сүмөлөк, миң килограмм эт 21-март - Нооруз күнү элге таратылат.
4
Сүмөлөк кайнатуу салтанатына каалагандар күбө болуп, оюн-зоокко катышып, көңүл ачып кетсе болот.
5
Фестивалда сүмөлөктөн башка кыргыздын улуттук тамак-аштары да жасалууда. Ошондой эле кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып, түрдүү улуттук оюндар өтүүдө.
6
Сүмөлөк майрамы Бишкекте былтыр да уюштурулуп, 11 казанда бышырылган.
7
Нооруз - Орто Азия элдеринин 21-мартта кеңири белгилене турган майрамы.
Бул күнү күн менен түн теңелет. "Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы деп да аталат.
Бул күнү күн менен түн теңелет. "Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы деп да аталат.
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20