Ооган согушунун курмандыктары эскерилди
Ооган согушунун курмандыктары эскерилди
Бүгүн Бишкек шаарында ооган согушунун курмандыктарын эскерилди. Ал борбор калаадагы “Ата-Түрк” паркындагы ооган согушунун ардагерлеринин урматына орнотулган эстеликтин жанында болду. Митинг-реквием Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган.
1
Бүгүн, 15-февралда Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 26 жыл толду.
2
3
4
5
Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-февралда Ооганстандан совет аскерлеринин чыгарылганына 26 жыл толуп жатканына байланыштуу кыргызстандык ардагерлерге куттуктоо жолдоду. Анда “ооганчылардын” Кыргызстанда туруктуулуктун сакталышына кошуп жаткан салымы баса белгиленет.
- Өткөн жылдарда кыргыз эли көптөгөн сыноолорду баштан өткөрдү. Терроризм, сепаратизм жана үй-бүлөлүк башкаруу канчалык коркунучтуу экенин көрдүк. Мекенибиздин башына мүшкүл иш түшкөн жооптуу учурларда ооганчы-жоокерлер биринчи болуп жардамга келип жатышты,- деп жазылат куттуктоодо.
- Өткөн жылдарда кыргыз эли көптөгөн сыноолорду баштан өткөрдү. Терроризм, сепаратизм жана үй-бүлөлүк башкаруу канчалык коркунучтуу экенин көрдүк. Мекенибиздин башына мүшкүл иш түшкөн жооптуу учурларда ооганчы-жоокерлер биринчи болуп жардамга келип жатышты,- деп жазылат куттуктоодо.
6
Ооганстан согушунун курмандыктары Бишкек шаарындагы мечит, чиркөөлөрдө да эскерилди. Ооганстандагы согушка катышып келген жарандар согушта набыт кеткендерге багыштап куран окуп, дуба кылып, сыйынышты.
7
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев (оңдо).
8
Кожобек Рысбаев - ооган согушунун ардагери , Жогорку Кеңештин депутаты. Ал Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешин жетектейт
9
10
Кожобек Рыспаев жана ооганчы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
11
Ооган согушуна интернационалдык кызмат өтөөгө 7 141 кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 249у курман болуп, 504ү жараат алган. Маалыматтарга ылайык, төртөөнүн али күнчө дайыны жок. Эскерүү иш-чаралары Кыргызстандын бүт аймактарында өтүп жатат.
12
13