Апрель окуялары сүрөтчүлөрдүн көзү менен
1
Г.Айтиев атындагы Улуттук музейде республикалык күзгү сүрөт көргөзмөсүндө живопись, графика, скульптура боюнча эки жүзгө чукул эмгектер коюлду.
2
3
Дубалдарга илинген сүрөттөр ар кыл темада, кыргыздын кооз жаратылышы, жер бермети Ысык-Көлдүн көрүнүшү, философиялык ой-толгоолор чагылдырылган.
4
Көргөзмөгө коюлган эмгектердин башталышында сүрөтчү Орозган Мамбеталиеванын “Жайлоо”, “Чардактар” сыяктуу чыгармалары орун алган.
5
Сүрөтчү Бактыбек уулу Рысбек менен А.Сыдыковдун 7-апрель окуясы тууралуу эмгектеринде Ак үйдүн жанында кымгуут түшкөн калың элдин, окко учкан балдардын канга боелгон элестери камтылган.
6
Колуна комузун алып, жашап өткөн өмүрүн күүгө салып, ойлуу отурган токсон жаштагы аксакал тууралуу тартылган “Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу” деген чыгарманын автору, сүрөтчү Жусуп Матаев.
7
8