Качкындар жапырт кайта баштады
1
24-июнга карата Өзбекстанга өтө качкан качкындардын элүү сегиз миңге жакыны үйлөрүнө кайтты
2
Ош жана Жалал-Абаддагы тополоңдун айынан жалпысынан Өзбекстанга жүз миңге жакын адам качып барган
3
Кыргыз-өзбек аксакалдары чогулуп жыйын курушуп, эки элди элдештирүү аракеттерин көрүп жатышат
4
Качкындар улуттар ортосунда от жаккан бузуку күчтөрдү таап жазалоону талап кылышууда.
6
Өзбекстанга өтө качкан качкындардын арасынан соңку жумада 124 ымыркай жарык дүйнөгө келди
7
Качкындардын арасында кары-картаңдар да көп
8
Тополоң күндөрү ажырашып кеткен адамдар жакындарын кайрадан аман-эсен көргөнүнө кубанып жатышат
9
Качкындарды алып келүү үчүн кыргыз бийликтери автобустарды, машруткаларды уюштурушкан
11
Качкындардын арасында аялдар жана балдар көп
12
Кыргыз-өзбек чек арасындагы качкындарга Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов барып жолугуп, аларды үйлөрүнө кайтууга чакырды